Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2025-жылдын 1-августунда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылында дыйкан Равшан Жоошевдин демонстрациялык аянтчасында «Таттуу калемпирдин гибриддери жана сортторун өстүрүү технологиясын көрсөтүү» темасында талаа күнү өткөрүлдү. Иш-чарага 50гө жакын катышуучу — дыйкандар, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, Айыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин биофабрикасынын эксперттери, ошондой эле «Агровито», «Агриматка» сыяктуу үрөн жана агрардык өндүрүш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

TES-борборунун Бишкек филиалынын директору Максат Кожомкулов саламдашуу сөзүндө жашылча чарбасында инновациялык ыкмаларды киргизүүнүн маанисин белгиледи. Сокулук РУАР өкүлү Акат Баялиев райондогу долбоорлор тууралуу маалымат берди: 4 га жерге муздаткыч кампалар курулуп, дыйкандардын түшүмү сактоо жана экспорттоо үчүн шарт түзүлөрү, кооперативдерди колдоо максатында жер тилкелери 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилери жана 200 га жерди камтыган сугат системасынын өнүктүрүлөрү тууралуу билдирди. AFC долбоорунун өкүлү Эльвира Субанова долбоордун дыйкандарды колдоодогу маанисин белгилеп өттү.

TES-борборунун агроном-эксперти Абдилхамид Мамашукуров таттуу калемпир өстүрүүдө киргизилген жаңы технологияларды кеңири түшүндүрдү. Ал үрөн себүүнү сапка себүү ыкмасына өзгөртүү, көчөттү пикировкалоо, фосфордук жер семирткичтерди жана аммоний сульфатын колдонуу, көчөттөрдү убагында көчүрүп отургузуу жана зыянкечтерге каршы күрөшүү ыкмаларын белгилеп өттү.

Катышуучулар демонстрациялык аянтта өстүрүлгөн гибриддердин түшүмүн көрүп, ар биринин салмагын жана касиеттерин баалашты. Натыйжада эң жогорку баага ПАЛЁТ+ гибриди ээ болду. Анын мөмөлөрү орточо 493 грамм салмакка жетип, дубалы калың, ташууга ыңгайлуу жана үрөнүнүн баасы жеткиликтүү экендиги аныкталды.

Иш-чаранын экономикалык бөлүгүндө Максат Кожомкулов ар түрдүү гибриддердин экономикалык натыйжалуулугу боюнча маалымат берип, дыйкандар чыгым, өздүк нарк жана кирешелүүлүк көрсөткүчтөрү менен таанышты. Органика департаментинин адистери зыянкечтерге каршы пайдалуу энтомофагдарды жана өсүмдүктөрдүн ооруларына каршы биофунгициддерди тааныштырып, колдонуу нормалары тууралуу түшүндүрмө беришти. Компаниялардын өкүлдөрү болсо үрөндөр жана жер семирткичтер боюнча продукцияларын сунуштап, алардын таасирин түшүндүрүштү.

Талаа күнү дыйкандарга гибриддерди тандоо, отургузуу схемалары, сугаруу ыкмалары жана өсүмдүктөрдү коргоо системалары боюнча тажрыйба алмашууга шарт түздү. Айрыкча биологиялык жана химиялык ыкмаларды айкалыштырган интеграцияланган коргоо чараларынын артыкчылыктарына көңүл бурулду. Бул иш-чара Чүй облусундагы жашылча чарбасын өнүктүрүүгө салым кошкон тажрыйба алмашуу аянтчасына айланды.