Чон-Алайда семендик картошка боюнча экспертинин визити жана демонстрациялык иш-чаралар өттү
2025-жылдын 5-6-май күндөрү Ош облусунун Чон-Алай районунда «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында негизги иш-чаралар өттү:
- Эл аралык семендик картошка боюнча эксперттин визити
- Дыйкандар үчүн окуу тренинги
- Супер-супер элита категориядагы үрөндүн демонстрациялык отургузулушу
5-майда Нидерландиядан келген эксперт Симон Схюттер район администрациясы менен жолугушуп, долбоордун учурдагы жана келечектеги пландары талкууланды. Администрация долбоорду колдоого даяр экенин билдирди.
Андан соң долбоордун командасы менен эксперт жергиликтүү картофелехранилищени кыдырып, элиталык үрөнүнүн абалын баалап, сактоо шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштар берди.
Ошол күнү дыйкандарга үрөн отургузуу технологиясы жана вирустардан сактоо боюнча тренинг өткөрүлүп, катышуучулар алынган билимдердин практикалык маанилүүлүгүн белгилешти.
6-майда жергиликтүү дыйкан Афтандила Абраимовдун талаасында «Коломбо» сортунун (Супер-супер элита) үрөнүн отургузуу демонстрациясы болду. Эксперт отургузуу процессин көзөмөлдөп, катышуучуларга технология боюнча консультация берди.
Отургузуудан кийин дыйкандар менен кооператив мүчөлөрүнүн катышуусунда талкуу болуп, эксперт тоолуу аймактарда элиталык картошканы өстүрүү боюнча сунуштарын бөлүштү.
📌 Кыргызстанда алгач жолу Супер-супер элита категориядагы үрөнүн демонстрациялык отургузуу жүргүзүлдү. Бул окуя отечестволук үрөн иштетүүнүн өнүгүшүндө маанилүү кадам болуп, Борбордук Азиянын башка аймактарына үлгү боло алат.