«Чоң-Алайда элиталык үрөн картошка өндүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү»
2025-жылдын 29-июлунда Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында талаа күнү болуп өттү. Иш-чарага райондук администрация, Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк, Мамлекеттик үрөн инспекциясы, айыл өкмөттөр, эл аралык уюмдар, кооператив мүчөлөрү жана Өзбекстандан келген коноктор менен бирге 56 катышуучу катышты.
Иш-чаранын негизги темасы — «Чоң-Алай районунун бийик тоолуу шартында элиталык үрөнчүлүктү киргизүү жана өнүктүрүү» болду. Катышуучуларга үрөн картошканын элиталык категорияларын (S, SE, E) өндүрүү процессин, агротехнологиялык өзгөчөлүктөрүн, жеке көзөмөл системасын уюштурууну жана демонстрациялык айдоо жыйынтыктарын көрсөтүштү.
Талаа күнү үч станция боюнча уюштурулду:
-
«Жар-Башы» кооперативинин ишмердүүлүгү жана өнүгүү пландары;
-
Сорттор тууралуу маалымат жана жеке көзөмөл системасы — сертификация этаптары жана үрөн картошкага коюлган талаптар;
-
Айыл чарба техникасын жана жабдууларды көрсөтүү.
Өзбекстандан келген коноктор супер-супер элита картошка айдоо талааларын көрүп, жогорку баасын беришти жана келечекте үрөн сатып алууга даяр экенин билдиришти. Алар кызыккан сортторун да белгилешти.
Тажикстандан келген сатып алуучулар техникалык себептерден улам катыша алышкан жок. Бирок алар дагы үрөнгө кызыгуусун билдирип, талап кылынган документтерди алышты — үрөндүн мүнөздөмөлөрү, сертификаттар, апробация актылары жана топурак анализинин жыйынтыктары.
Салт боюнча талаа күнүнөн кийин үч кооперативдин — «Жар-Башы», «Араван АгроСервис» жана «Алтыны өрөөндүн» жыйыны өтөт. Быйыл тараптардын макулдашуусу менен жолугушуу түшүм жыйноо мезгилине жакындатылып, картошканын баасын тактоо пландалды.