Чоң-Алайда үрөндүк картошка боюнча эл аралык эксперт Симон Ян Схуттердин катышуусунда тренинг өткөрүлдү
2025-жылдын 13–14-июль күндөрү Чоң-Алай районунда үрөндүк картошка боюнча тренинг өттү. Иш-чара эл аралык адис Симон Ян Схуттердин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында уюштурулду. Тренинг Демонстрациялык кызматташтык борборунун (ЦДС) «үрөндүк картошка» багыты боюнча өткөрүлдү.
Тренингге 10 катышуучу — фермерлер, долбоордун адистери жана үрөндүк сортторду өстүрүүчү кооперативдердин өкүлдөрү катышты.
13-июлда Симон Ян Схуттер катышуучулар үчүн теориялык сессия өткөрүп, түшүмдү сактоо, жыйноо, сорттоо, зыянкечтерден коргонуу жана оорулардын алдын алуу боюнча практикалык сунуштарды берди. Катышуучулар өз чарбаларына байланыштуу суроолорду берип, пайдалуу жоопторду ала алышты.
14-июлда тренинг талаа шартында улантылып, супер-супер элита жана элита сорттору өстүрүлүп жаткан аянттарга мониторинг жүргүзүлдү. Эксперт фермерлер жана долбоор адистери менен бирге талааларды карап чыгып, ар бир чарбага ылайыкташтырылган агротехникалык кеңештерди берди.
Бул сапардын алкагында фермерлер, агрономдор жана инспекторлор үрөндүк картошка өстүрүүдөгү негизги талаптар жана эл аралык тажрыйба боюнча маанилүү билимдерди алышты. Эксперт берген материалдар жана сунуштар агрономдор тарабынан мындан аркы практикалык консультацияларда жана талаа мониторингинде кеңири колдонулат.