Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2024-жылдын 16-июлунан 19-июлуна чейин «Кошумча нарк чынжырларын агрофинансылоо» долбоорунун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунда үрөндүк картошканын талаа инспекциясы боюнча Голландиядан келген эксперттин миссиясы болуп өттү.

Иш сапардын максаты жергиликтүү талаа инспекторлорун даярдоо боюнча практикалык тренингдерди өткөрүү болду. Тренингдин катышуучуларынын арасында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү да болушту.

Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын жашылча-бакча өсүмдүктөрү жана картошка боюнча илимий-изилдөө институтунан чакырылган адистер катышты. Жолугушууда долбоордун алкагында биргелешкен иштердин пландары жана күтүлүп жаткан жыйынтыктары талкууланды.

Эл аралык эксперттер менен кызматташуу жана алдыңкы тажрыйбаны колдонуу Кыргыз Республикасында үрөндүк материалдын ийгиликтүү экспорттук потенциалы үчүн сапатты контролдоо жана сертификациялоо системасын (QCCS) түзүүгө жардам берет.