Ат-Башыда үрөн картошка боюнча Талаа күнү өттү
2025-жылдын 3-июлунда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун колдоосу менен үрөн картошка боюнча талаа күнү болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, жергиликтүү бийликтин, эл аралык уюмдардын, үрөн чарбаларынын жана ар кайсы аймактардан келген фермерлердин өкүлдөрү катышты. Программа алкагында катышуучуларга төмөнкүдөй маалыматтар жана иш тажрыйбалар сунушталды:
-
«Супер-супер элита» жана «супер элита» класстагы үрөндөрдүн талаа демонстрациясы
-
Үрөн картошканын келечектүү сортторунун презентациясы
-
Агротехникалык чечимдер жана талаа технологиялары
-
Нидерланд жана Кыргызстандын алдыңкы адистеринин тажрыйбасы
Саламдашуу сөздөрү менен Айыл чарба министрлигинин орун басары Жаныбек Керималиев, Нидерланд Падышалыгынын агрардык маселелер боюнча кеңешчиси мырза Arie Veldhuizen, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, HZPC компаниясынын жана «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун өкүлдөрү кайрылышты.
Иш-чаранын практикалык бөлүгүндө катышуучулар демонстрациялык талаага барышып, эки топко бөлүнүп:
-
Биринчи топ: супер-супер жана супер элита үрөндөрүнүн талаа демонстрациясы (Нооруз Зарлыков, Алтынбек Айбашев)
-
Экинчи топ: сорттор жана агротехнологиялар боюнча презентациялар (Хамид Мамашукуров, Улан Кубанычбек уулу)
Талаа күнү үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана агрардык кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп берди.