Агроинновациялар үчүн жаңы горизонттор: HZPC визити жана Кыргызстандагы айыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги
2024-жылдын 14-15-майында «Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо» долбоорунун алкагында картошканын үрөнүнүн сортторун өстүрүүгө адистешкен HZPC нидерландиялык алдыңкы компаниянын өкүлдөрү, долбоордун эл аралык жана улуттук эксперттери, ошондой эле «TES-борбор» айыл чарба консультациялык компаниясы менен бир катар биргелешкен жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн картошка үрөнүнүн сапатын жана Кыргызстанда картошка өстүрүүнүн келечегин камсыздоо маселелери талкууланды.
Жолугушуулардын катышуучулары «Жар-Башы» АЧК кооперативинин «супер-элита» категориясындагы үрөндүк картошка өсүмдүктөрүн көрүп, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрү менен жолугушту.
Жумушчу жолугушуу райондук администрациянын өкүлдөрү менен үрөнчүлүктү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо үчүн өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында картошка үрөнүн сактоо жана жарактуулугун аныктоо үчүн кампа жайлар каралды.
Бул иш-чара «Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо» долбоорунун алкагында аймакта үрөндүк картошканын өндүрүшүн жана сапатын жогорулатуу менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө салым кошот, ошондой эле коңшу өлкөлөргө экспорттоо үчүн потенциал болуп саналат.