Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

«Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун командасы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги уюштурган “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун уюштуруусуна көмөк көрсөттү.  Бул иш-чара дыйкандардын жетишкендиктерин жана экономикалык ийгиликтерин даңазалоо үчүн уникалдуу аянтча болду.

Форумдун биринчи күнүндө өсүмдүк өстүрүү тармагында ийгиликке жетишкен 16 алдыңкы дыйкан студенттердин кол чабуусунда кызыл килемден өтүштү. Алар башкы баяндамачылар катары өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, ар кайсы аймактан келген катышуучулар үчүн мастер-класстарды өткөрүштү. Ошондой эле алар талаа иштеринен баштап түшүм жыйноого чейинки заманбап ыкмалар менен инновациялык технологияларды көрсөтүштү.

Экинчи күнү форумдун катышуучулары мал чарбачылыгы, балык чарбачылыгы жана аарычылык боюнча ийгиликтүү тажрыйбалар менен таанышышты. Үчүнчү күнү айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөр жана агрардык илимий сектордун өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү. 31-январда болсо форумдун кульминациясы болуп, айыл чарба чемпиондоруна министрликтин «Айыл чарба өндүрүшүнүн чемпиону» медалдары тапшырылды.

Форумдун программасына дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр, жемиш-жүзүм өстүрүү жаатындагы тажрыйба алмашуу сессиялары жана мамлекеттик органдар менен каржы институттары тарабынан сунушталган колдоо программалары камтылган.

«АгроДиалог 2025» форуму атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарбасын өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө шарт түзүү үчүн маанилүү аянтча болду. Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты тажрыйбалар кеңири жайылтылып, дыйкандардын туруктуу өнүгүү принциптерин кармануусуна өбөлгө түзүлөт.