Агро-секторду өнүктүрүү: “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору “Агро-Экспо 2023” форумунда
2023-жылдын 20-22-октябрында, Бишкек шаарында “Агро-Экспо 2023” көргөзмө-форуму болуп өттү. Иш-чара агро-рыноктун бардык активдүү катышуучуларын: фермерлерди, айыл чарба ишканаларын, финансы институттарын чогултту.
“Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору иш-чарага активдүү катышуу менен республиканын агро-секторун өнүктүрүү үчүн долбоордун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө толук маалымат берди.
“Бүгүн мен маанилүү долбоор жөнүндө маалымат алып, мындай мүмкүнчүлүктөр берилип жатканына таң калдым. Биз арыздарды кабыл алуу жана каттоо күнүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз Албетте Poliv.KG компаниясы сөзсүз билдирүү калтырабыз. Буюрса каражат алабыз деп ишенем”, – дейт Poliv.KG компаниясынын директору Чубак Бойконов.
Иш – чарага активдүү катышкандыгы үчүн долбоор катышуучунун диплому менен белгиленип, көргөзмөнүн уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен мындан ары активдүү өз ара аракеттенүүгө чакырылган.
“Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун жалпы бюджети 37 млн еврону түзүп, Европа биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана Германиянын өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан каржыланат.
“Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору 2023-жылдын 25-апрелинде өз ишин баштаган. Долбоор фермерлерге жана кошумча нарк чынжырына мүчө ишканаларга айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларына өтүүгө, продукциянын сапатынын эл аралык стандарттарын киргизүүгө жана узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык насыяларын улуттук валютада алууга көмөк көрсөтөт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин көмөгү жана катышуусу менен Германиялык GOPA AFC компаниясы (CAIConsulting консультациялык компаниясынын консорциумунда) тарабынан ишке ашырылат.