Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2025-жылдын 10-октябрында Чүй облусунун Төмөнкү Чүй айылында таттуу калемпир өстүрүү боюнча айыл чарба схемасын мониторингдөө максатында талаа визити өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө адистер долбоорго катышкан дыйкандар менен жолугушуп, долбоордун ишмердүүлүгүнө, учурдагы сезондун жыйынтыктарына жана келерки жылга болгон пландарына байланыштуу сурамжылоо өткөрүштү.

Дыйкандар ийгиликтүү түшүм жыйнап, долбоордун жана өнөктөштөрдүн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти. Быйылкы сезондо TES Борбору микрофинансылык уюму аркылуу дыйкандарды уруктар жана жер семирткичтер менен камсыз кылды. Негизинен молдовалык «Полет», «Лидия» сорттору, ошондой эле гибриддик «МакГретта» жана «Бугати» сорттору колдонулду. Мындан тышкары, дыйкандар жергиликтүү «Галоши» сортуна да артыкчылык беришкен.

Орточо түшүмдүүлүк аймакта гектарына 30 тонна чамасында түзүлүп, бул жакшы көрсөткүч болуп эсептелет. Баасы 1 килограммы 50 сомдон болгон учурда, дыйкандар өндүрүш чыгымдарын толугу менен жаап, гектарына орто эсеп менен 1 миллион сом киреше таба алышат.

Өткөн жылы зыянкечтер (айрыкча совка) көйгөй жараткан болсо, быйыл дыйкандар натыйжалуу күрөш ыкмаларын колдонуп, көйгөйлөрдүн алдын ала алышты.

Ошол эле учурда бир катар көйгөйлөр да аныкталды:

  • Айланма айдоо эрежесинин жоктугу: көпчүлүк дыйкандар севооборот эрежесин сакташпайт, бул келечекте топурактын түшүмдүүлүгүнө терс таасир этет.

  • Түшүмдүн жоготуулары: орто эсеп менен гектарына 2–3 тонна түшүм ар кандай себептерден улам жыйналбай калган. Бул гектарына 1 миң АКШ долларына жакын чыгым алып келет.

  • Сорттордун экономикалык анализи: айрым импорттук жана гибрид сортторго караганда жергиликтүү сортторго суроо-талап жогору. Ошондуктан TES Борборуна ар бир сорттун экономикалык пайдалуулугун талдоо сунушталат.

Талаа визитинин жыйынтыктары долбоорго  дыйкандарды мындан ары дагы эффективдүү колдоо чараларын иштеп чыгууга жана айыл чарба схемаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.