Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Жай-Терек айылында биздин долбоордун алкагында дыйкандар үчүн талаа күнү ийгиликтүү өттү. Иш-чарага 32 адам катышып, жергиликтүү аграрлар арасында билим жана тажрыйба алмашуу боюнча маанилүү этап болду. “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоорунун өкүлү катары Оксана Довлетшина катышты.

ОФ СКСнин директору Сыргабек Жойболотов долбоордун ишмердүүлүгү, максаттары жана пландары боюнча кенен маалымат берип, аймактагы айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми Шакимов Нуржигит, Кыргызстанга келчү элиталык картошка сорттору жөнүндө маалымат бердим.

Алардын биздин климатка канчалык ылайыктуу экенин, бышуу мөөнөтүн, сатууга ыңгайлуу сортторун жана бааларын түшүндүрдү. Мырзамидин Мамадиев картошка өстүрүүнүн негизги агротехнологияларын, анын ичинде жерди даярдоо, семендерди иштетүү жана отургузуу, эгуунун нормалары жана аралык, окучуу, сугаруу жана башка маанилүү процесстерди бөлүштү. Уларбек Ботокараев картошканын оорулары жана зыянкечтери менен күрөшүү боюнча окуу өткөрүп, фермерлер көбүнчө симптомдор пайда болгондон кийин гана чара көрүп, тапкан пестициддерди колдонушат деп белгиледи.

Бул жылы фермерлердин айтымында, көп жааган жаан-шашындан улам картошкалар черная ножка жана фитофтороз ооруларына чалдыкты. Агроном оорулардын алдын алуу боюнча кеңештерин берди. Иш-чаранын соңунда Абдумуталип Мырзагановдун картошка талаасын практикалык түрдө баалап чыктык. Камелия элита, Колумба элита жана Ривера элита сорттору посаждалган. Натыйжада Камелия 10-12 клубень, Колумба 7-8 клубень, Ривера 8-10 клубень бергенин көрсөттү.

Дыйкандар кийинки жылы долбоорго катышууга кызыгуусун билдиришип, картошканын оорулары жана зыянкечтери үчүн препараттарды түздөн-түз алып келүүнү суранышты.