Тамак-аш коопсуздугу лабораторияларынын мааниси жана тандоо процесси
“Кошумча нарк чынжычаларын агро каржылоо” долбоорунун алкагында лабораторияларды техникалык колдоо каралган. Лабораториялар тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларына коопсуз тамак-аш продукцияларын өндүрүүгө колдоо көрсөтөт жана тамак-аш продукциясын өндүрүү чынжырын толугу менен камтыйт. Лабораториялар өсүмдүктөрдүн, мал жандыктардын/жаныбарлардын жана аквакультура объектилеринин ооруларын аныктай алышат, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана/же алардын топурактагы жана сугат суудагы жана/же тамак-аштагы калдыктарын, ветеринардык дары-дармектерди жана/же тамак-аштагы алардын калдыктарын, азык-түлүк продукцияларынын таңгактарын жана/же химиялык заттардын таңгактан тамак-ашка өтүшүн текшере алышат. Лабораториялар тамак-аштын микробиологиялык, химиялык жана органолептикалык (сырткы көрүнүшү, жыты, ароматы, даамы жана текстурасы) касиеттерин текшеришет.
Лабораториялык тестирлөөнүн натыйжалары кызыкдар тараптардын тамак-аш продуктыларынын коюлган талаптарга жооп берүү леңгээлин текшерүү үчүн колдонулат. Биринчи кезекте тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалары өздөрүнүн ички контролунун эффективдүүлүгүн текшерүүгө жана тактыктоого, ошондой эле анын эффективдүүлүгүн кызыкдар тараптарга көрсөтүүгө (өзүн-өзү жөнгө салууга) милдеттүү. Экинчиден, көзөмөлдөөчү органдар конкреттүү ишкананын тамак-аш азыктарынын коюлган талаптарга шайкештик деңгээлин текшерип, ошондой эле азык-түлүктүн сапатына жана коопсуздугуна мониторинг жүргүзүүнүн алкагында базарлардагы азык-түлүк үлгүлөрүн текшеришет.
Учурда азык-түлүк менен камсыздоо чынжырлары өтө татаал жана глобалдуу болуп калды. Мисалы, столуңуздагы продуктыларда дүйнө жүзүндөгү ар кандай ингредиенттер болушу мүмкүн. Ошондуктан, башкалардын катарында, максаттуу экспорттук рыноктордо таанылуу жана керектөөчүлөрдүн жогорку деңгээлде корголушун камсыз кылуу үчүн жогорку деңгээлдеги компетенттүүлүктү көрсөтүүсү өтө маанилүү. Лаборатория ISO 17025 сыяктуу эл аралык стандарттар боюнча аккредитациядан өтүү аркылуу өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана компетенттүүлүгүн тастыктайт. Аккредитациядан өткөн лаборатория валидацияланган сыноо ыкмаларын колдонуу менен так жана тактыкталуучу сыноо натыйжаларын алуу үчүн татаал системаны колдойт. Лабораториянын аккредитациясы – бул белгилүү бир лабораториянын конкреттүү сыноолорду жүргүзүүдө компетенттүүлүгүн расмий тааныган көз карандысыз, абройлуу органдын аудити.