Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Учурда тамак-аш өнөр жайын жөнгө салуу системасы дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй татаал. Мыйзам талаптары тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларына минималдуу милдеттүү талаптарды аныктайт, ошондой эле бир катар ички жана тышкы факторлорго байланыштуу милдеттендирилген талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө өтө туруксуз болушу мүмкүн. Айыл чарба продукциялары жана тамак-аш азыктары үчүн жеке стандарттар жана сертификаттоо схемалары (ыктыярдуу стандарттар катары белгилүү) мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюуга багытталган. Келишим укуктары, аудит жана сертификаттоо аркылуу айыл чарба продукциялары жана тамак-аш азыктары үчүн жеке стандарттарды өздөштүрүү керектөөчүлөрдү коргоонун деңгээлинин жогорулашына алып келди.

“Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоору тийиштүү кошумча нарк чынжырчаларында тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларына ISO 22000:2018, ISO 9001:2015, FSSC 22000, BRCGS, IFS, SQF, Global GAP, EU Organic сертификаттоо стандарттарын жана схемаларын өздөштүрүүдө техникалык жардам көрсөтөт. Долбоордун колдоосу төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалары үчүн тренингдерди жана консультацияларды өткөрүү жолу менен сертификаттоо стандартын же схемасын өздөштүрүүдө жардам көрсөтүү
  • Мындан тышкары, өзгөчө учурларда, долбоор тандалган стандарттын же сертификаттоо схемасынын талаптарына жооп берүү үчүн зарыл болгон жабдууларды биргелешип каржылоо мүмкүнчүлүгүн караштыра алат.

Тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларын тандоо процесси эки негизги этаптан турат:

  1. Ишканалардан Долбоорго түшкөн өтүнмөлөрдү жана документтерди Долбоордун талаптарына жана критерийлерине ылайыктыгын кароо жана баалоо
  2. Ишкананын учурдагы абалын аныктоо жана инфраструктура объекттеринин тиешелүү стандарттын же сертификациялоо схемасынын талаптарына шайкештик даражасын аныктоо үчүн “Кошумча нарк чынжырларын агрокаржылоо” долбоорунун тиешелүү эксперттери тарабынан ишкананын аудитин ишке ашыруу.

 

Кошумча нарк чынжырчаларын агрокаржылоо

Долбоорду GOPA AFC Германиялык консалтинг компаниясы жергиликтүү CAIConsulting консалтинг компаниясы менен биргеликте ишке ашырат.

 

 

Билдирүүгө ишканаларды чакыруу

“Кошумча нарк чынжырын Агро каржылоо”, долбоору Европа Биримдиги, Европа Инвестициялык Банкы жана Германия Өнүктүрүү Банкы (KfW) менен биргелешип каржыланат. Кыргыз Республикасынын тамак-аш өнөр жай ишканаларын эл аралык тамак-аш сапаты жана коопсуздук стандарттарын, социалдык жана экологиялык стандарттарын ишке ашырууга техникалык колдоо алууга конкурстук тандоого чакырат.

Тамак-аш өнөр жай ишканалары төмөнкү документтерди тапшырууга милдеттүү:

  1. Сертификацияга даярдоого жардам программасына катышуу үчүн толтурулган арыз;
  2. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  3. Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын көчүрмөсү (STI-025 формасы);
  4. акыркы 2 жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;
  5. Акыркы 2 жыл үчүн финансылык отчеттордун көчүрмөлөрү;
  6. Долбоор тарабынан тандалып алынган учурда, «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоору менен кызматташуу жөнүндө меморандум түзүүгө даярдыгын, ишкананы даярдоо үчүн зарыл каражаттардын бар экендигин жана тандалып алынган стандарттын талаптарына шайкеш келүүсү үчүн тышкы аудиттен өтүү үчүн сертификаттоо органдын кызматтары үчүн акы төлөөгө даярдыгын билдирүү.

Сертификаттоо техникалык жардам көрсөтүү программасына катышуу үчүн арыздар электрондук почтага Avcfproject.kg@gopa-afc.de 2024-жылдын 30-ноябрына чейин кабыл алынат.

Документтерди жүктөп алуу.

 

Форма заявки на участие.docx
Приглашение_к_заинтересованности.pdf