“Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоору кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучулары болгон дыйкандарга жана кайра иштетүүчү ишканаларына айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн алдыңкы жаңы технологияларын, продукциянын эл аралык сапат стандарттарын өздөштүрүүдө жана улуттук валюта бериле турган узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык насыяларын алууда колдоо көрсөтөт.
Дыйкандарга, кайра иштетүүчүлөргө жана кошумча нарк чынжырчаларынын башка катышуучуларына насыя берүү үчүн каражаттар Европа инвестициялык банкы (EIB) жана Германия өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан берилет жана 31 миллион еврону түзөт.
KfW жана EIB тарабынан берилген финансылык ресурстар тиешелүү бенефициарларга – кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучулары болгон микро, чакан жана орто ишканаларга (МЧОИ) коммерциялык өнөктөш банктар аркылуу улуттук валютада насыяларды берүү үчүн пайдаланылат. Насыялар, негизинен айыл чарба техникаларын, жабдууларын сатып алуу үчүн жана жүгүртүү капиталын толуктоо үчүн 7 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Баштапкы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн жана кайра иштетүүчүлөрүнөн тышкары башка бенефициарлары айыл чарба кошумча нарк чынжырчаларына катышкан агрегаторлор (мисалы, ири сатып алуучулар/сатуучулар), айыл чарба материалдарын жана жабдууларын камсыздоочулар жана кызмат көрсөтүүчүлөр болуп саналат.
KfW жана EIB каражаттарынан насыя берүүнүн негизги шарттары жөнүндө толук маалымат кийинчерээк берилет.