Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.


21-февралда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын ун тартуучу ишканалар ассоциациясынын мүчөлөрү менен “Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун эксперттеринин жумушчу жолугушуусу уюштурулду.

 

Бул жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун эксперттери Алмаз Давлетов жана Виктор Кирияк продукцияны сертификациялоо стандарттарынын жана схемаларынын маанилүүлүгү жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө баалуу маалыматтар менен бөлүшүштү.

 

Жолугушуунун катышуучулары азык-түлүктүн сапатын жана коопсуздугун башкаруу боюнча сертификаттоо схемалары жана стандарттардын түрлөрү, эң негизгиси өндүрүүчүлөргө стандарттарды жана сертификаттоо схемаларын ишке ашырууда ким кандай жардам бере алат деген суроолорго жооп ала алышты. Мындан тышкары, азык-түлүктүн сапатын жана коопсуздугун башкаруу үчүн стандарттарды жана сертификаттоо схемаларын ишке ашырууда “Нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоорунан техникалык жардамды кантип алуу керектиги түшүндүрүлдү.