“Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун алкагында эл аралык стандарттарды жана сертификациялоо схемаларын киргизүү боюнча жумушчу жолугушуу

“Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун алкагында эл аралык стандарттарды жана сертификациялоо схемаларын киргизүү боюнча жумушчу жолугушуу
11-декабрда биз Бишкекте “Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун алкагында жумушчу жолугушуу өткөрдүк. Катышуучулардын арасында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин адистештирилген түзүмдүк бөлүмдөрү, бизнес-ассоциацияларынын жана кластердин мүчөлөрү болду.
“Биз үчүн “Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо ” долбоорунун ишмердүүлүгү жөнүндө негизги маалыматты айыл чарба венчурдук компанияларынын катышуучуларына жеткирүү, ошондой эле, долбоор боюнча пикир, сунуш жана алдыда бизден эмнени күтүп жаткандары маанилүү. Жумушчу жолугушуу динамикалуу жана катышуучулардын активдүү катышуусу менен өттү, бул Кыргыз Республикасында долбоорду ишке ашыруунун жогорку кызыгуусун жана маанилүүлүгүн күбөлөндүрөт”, – дейт топтун жетекчиси Виктор Кириак.