Кыргызстандагы айыл чарба секторун финансылык колдоо: кызыкдар тараптар үчүн “Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” темасында семинар.

Кыргызстандагы айыл чарба секторун финансылык колдоо: кызыкдар тараптар үчүн “Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” темасында семинар.
2023-жылдын 4-июлунда Бишкекте “Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо”долбооруна арналган тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын агробизнесинин тармактын өнүгүшүнө активдүү көмөк көрсөткөн 26 өкүлү: фермерлер, агрокластерлердин, бизнес-ассоциациялардын, кайра иштетүүчү компаниялардын, жергиликтүү айыл чарба консультативдик уюмдарынын, долбоордун эл аралык донорлорунун жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышышты.
“Кыргызстанда айыл чарбасынын ийгилиги үчүн эл аралык рынокко чыгуу зарыл, бирок биздин продукция бардык эл аралык стандарттарга жооп бериши керек, ошондуктан биз рыноктун бардык катышуучуларын бир чынжырга бириктирип, аны туура тизишибиз керек. Ошентип, биз бул стандарттарга жетүү жана алардын VCAF алкагында өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө үчүн наркты түзүүнүн агрокаржылык чынжырынын катышуучуларын консолидациялашыбыз керек.
Азыркы учурда биздин фермерлер дайыма сатуу көйгөйлөрүнө туш болушат жана бул жагдай жыл сайын начарлап баратат. Дүйнөлүк рынок жогорку стандарттарды талап кылат жана кыргыз компаниялары аларга ылайык келиши керек. Бул үчүн наркты түзүү тизмегин өнүктүрүү абдан маанилүү жана ушул сыяктуу долбоорлор бардык зарыл инструменттерди: билимди, технологияны, финансылык ресурстарды камсыз кылгандыгы менен абдан жакшы”, – дейт Кыргыз Республикасынын Мөмө-жемиш өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев.
Катышуучулар биргеликте долбоор тарабынан колдоого алынуучу наркты түзүүнүн агроөнөр жай тизмегин тандоо методологиясын талкуулашты. Тегерек столдун жүрүшүндө алар топтордо тандоо критерийлерин, нарк чынжырларындагы тоскоолдуктарды жана аныкталган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун баалашты. Талкуудан кийин катышуучулар долбоорду андан ары колдоо үчүн тандоо критерийлерине жана тандалган нарк чынжырларына макулдугун билдиришти.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин колдоосу, активдүү катышуусу менен консорциумда айыл чарба жана финансы боюнча AFC консультанттарынын жана CAIConsulting колдоосу менен ишке ашырылат.