Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору башталды

Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору башталды
25-апрелде Кыргызстанда 37 миллион еврого бааланган “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору расмий түрдө ишке кирди.
Долбоор фермерлерге жана ишканаларга жергиликтүү валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык насыяларын алууга жана өлкө ичинде кайра иштетилген айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртууга жардам берет.
Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргыз Өкмөтүнө 10 млн евро өлчөмүндө грант берет, ал айрым өнөктөш финансы институттарын насыялоого жумшалат. Мындан тышкары, Европа инвестициялык банкы (ЕИБ) 22 миллион евро насыя линиясын берет.
Бул агрофинансылык секторду колдоо жана фермерлерге, агробизнесмендерге жабдууларды жаңыртуу жана өз ишинде заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган Борбордук Азия үчүн инвестициялык фонддон (азыркы учурда айыл чарба уюму деп аталган) 5 млн евро колдоого алынат.