GOPA AFC – өнүгүп келе жаткан жана өткөөл экономикалуу мамлекеттерде айыл чарба, агробизнес жана каржылык өнүктүрүү долбоорлорунда адистешкен жеке Германиялык консалтинг компаниясы. AFC 1973-жылы негизделген. 2007-жылы AFC Consultants International GmbH өнүктүрүү боюнча кызматташтык жаатындагы консалтингдик фирмалардын Германиядагы эң ири тобу GOPA Consulting Groupтун мүчөсү болуп кирген.
Мамлекеттик уюмдар жана жеке компаниялар үчүн биздин кызматтар айыл чарба жана агробизнес спектрин баштапкы өндүрүштөн кайра иштетүү жана маркетингге чейин толук камтыйт. Финансы секторун өнүктүрүү жеке кредиттик жана аманат продуктыларын иштеп чыгууга жана тийиштүү жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын түзүүгө багытталган.
CAIConsulting - Central Asia International Consulting компаниясы жөнүндө:
GOPA-CAICo – Борбор Азиядагы алдыңкы консалтинг компаниясы, мурда MNT деген ат менен белгилүү болуп, 1998-жылы өз эшигин ачып иштеп баштаган.
Азыркы учурда GOPA-CAICo бүткүл Борбор Азия аймагы боюнча өз ишмердүүлүгүн масштабдуу кеңейтүүгө киришти. Акыркы 20 жылда GOPA-CAICo өткөөл экономикалуу өлкөлөрдө, өзгөчө Борбордук Азияда, жогорку сапаттагы консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча чоң тажрыйба топтоду. Биз мамлекеттик уюмдар менен органдарды чыңдоо үчүн мамлекеттик секторду реформалоо, институционалдык өнүгүү жана потенциалды жогорулатуу жаатында адистешебиз. GOPA-CAICo Борбордук Азиядагы саясий жана экономикалык абал жөнүндө терең билимге жана түшүнүккө ээ.