Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Быйыл биздин Ат-Башы районундагы дыйкандарыбыз картошканын «Сильвана», «Пердиз», «Коломба», «Кмелия» сортундагы супер элиталык үрөндөрдү айдашты.

 

Буга байланыштуу 2024-жылдын 8-июлунан 10-июлуна чейин «Кошумча нарк чынжырчаларын агрофинансылоо» долбоорунун алкагында үрөндүк картошканын сугат абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо максатында Нарын облусуна талаа сапары болуп өттү. Талаа сапарынын алкагында долбоордун эксперттери 4 көрсөтмө картошка айдоо аянтына барышты.

 

Талаалардын жалпы абалы эң сонун – нөшөрлөгөн жаан-чачынга карабастан илдеттин жана зыянкечтердин белгилери жок. Бирок, илдеттин өнүгүшүнө жол бербөө үчүн долбоордун фермерлери жер кыртышынын асылдуулугун жогорулатуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоонун кошумча ыкмаларын колдонушууда. Жакында долбоордун өнөктөшү болгон айыл чарба консультациялык кызматы, Agrolead компаниясынын үрөндүк картошка программасынын алкагында, долбоордун максаттарын ишке ашыруу үчүн Калинин, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды (Ат-Башы району) жана Ак-Жар (Кочкор району) айылдарындагы үрөндүк картошка талааларына барды.

 

Мониторинг иш-чараларынын уландысы катары 9-июлда үрөнчүлүк боюнча тренинг өткөрүлдү, ага фермерлер жана айыл чарба схемаларынын катышуучулары катышты. Тренинг дыйкандардын үрөндүк картошканы өндүрүү жана кайра иштетүү ыкмалары боюнча билимдерин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.