Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

24-июлда Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй (Нижне-Чуйское) айылында практикалык талаа күнү болуп, ага 45 фермер катышты. Таттуу калемпирдин гибриддерин жана сортторун өстүрүүнүн заманбап технологияларын көрсөттүк.

Эксперттер Мамашукуров Абдулхамид жана Кожомкулов Максат тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүп, айыл чарба өстүрүүнүн ыкмаларын көрсөтүштү, ошондой эле бул өсүмдүктү өстүрүүнүн экономикалык натыйжалуулугун талкуулашты.

Дыйкандар жер семирткичтерди туура колдонуу, которуштуруп айдоонун, тамчылатып сугаруунун маанисин билип, түшүмдүүлүктү жана продукциянын сапатын жогорулатууга жардам бере турган практикалык кеңештерди алышты.