Жалал-Абад АККсында квалификацияны жогорулатуу жана мониторингдин жаңы ыкмаларын ишке киргизүү
2024-жылдын 15-июлунда «Кошумча нарк чынжырларын агрофинансылоо» долбоорунун алкагында дан эгиндери боюнча айыл чарба схемаларын (zero till) ишке ашыруу менен алектенген Жалал-Абад АККсынын кызматкерлери үчүн мониторинг боюнча онлайн тренинг өткөрүлдү. Тренинг катышуучуларды дан схемаларынын негизги көрсөткүчтөрү (zero till), мониторинг методологиясы жана маалыматтарды чогултуу формасы менен тааныштыруу максатында өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар дан эгиндерине мониторинг жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары менен таанышып, ошондой эле мониторинг иш-чараларын натыйжалуу өткөрүү боюнча рекомендацияларды алышты.
Алынган билимдерди иш жүзүндө колдонуу үчүн долбоордун алкагында агрономдор менен бирге Жалал-Абадга экскурсия уюштуруу пландаштырылууда. Анда тренингдин катышуучулары керектүү маалыматтарды чогултуп, себилген кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн абалына баа бере алышат.