Үрөндүк картошка эгилген талааларына кам коруу боюнча мониторинг жана рекомендациялар
«Кошумча нарк чынжырларын агрофинансылоо» долбоорунун иш-чараларынын алкагында 2-4-июль күндөрү картошканын үрөн талааларынын (супер элита, элита, R1) пайда болушуна мониторинг жүргүзүлдү. Бул мониторинг «TES-center» өнөктөш айыл чарба консалтинг компаниясы менен биргеликте уюштурулган.
Мониторингдин жүрүшүндө репродуктивдүү өсүмдүктөр текшерилип, төмөнкү сунуштар берилди:
1. Өсүмдүктөрдүн түбүн жумшартуу
2. Инструкцияга ылайык гербициддерди пайдалануу
3. Зарылчылык болгон учурларда, кол менен отоо
4. Сугаруу мезгилинде азот менен азыктандыруу
5. Өсүмдүктөрдү түптөө