Ишканадагы азык-түлүк коопсуздугу: Керектөөчүлөрдүн жыргалчылыгына карай кадам
22-31-май аралыгында ишканалардын продуктуларын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү сертификаттоону ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүү боюнча «Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо» долбоорунун компонентинин алкагында тренингдердин сериясы өткөрүлдү.
Долбоордун техникалык жардамы менен сертификаттоо боюнча техникалык колдоо көрсөтүү үчүн жүргүзүлгөн баалоонун негизинде тандалып алынган «Бай Элим Компани» ЖЧК ишканасынын кызматкерлери үчүн тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу боюнча төрт күндүк тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин максаты ишкананын сертификаттоо схемасынын талаптары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана тутумдун талаптарын ишке ашыруу процесстерине толук катышуусун камсыз кылуу болгон.
Тренингдин жүрүшүндө эл аралык сертификаттоо системасын киргизүүнүн зарылдыгы жана артыкчылыктары талданып, ошондой эле эл аралык сертификаттоо стандарттарынын жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун сапатын сертификаттоо схемаларынын талаптары каралды. Катышуучулар тарабынан ишкананын тамак-аш коопсуздугуна жетишүү үчүн сертификаттоо схемаларын киргизүү боюнча жаңы билимдерди колдонууга чоң кызыгуу жана мотивация жаралды.
Тренинг тамак-аш өнөр жайын сертификаттоо жана мамлекеттик жөнгө салуу системасынын эл аралык практикасы боюнча сертификатталган эксперт жана жетектөөчү аудитор Алмаз Давлетов тарабынан өткөрүлдү, ал тамак-аш өндүрүш секторунун өкүлдөрүн тамак-аш коопсуздугуна алгачкы баалоону, иштеп чыгууну, сертификаттоону ишке киргизүүнү жана окутууну жүргүзүүдө зор тажрыйбага ээ.