Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.


2023-жылдын 22-октябрынан 23-октябрына чейин Бишкекте “Агропром” компаниясы “АгроЭкспо 2023” көргөзмөсүн жана форумун өткөрдү. Иш-чара айыл чарба рыногунун бардык активдүү катышуучуларын, анын ичинде фермерлерди, айыл чарба ишканаларын жана финансы институттарын бириктирди.

 

Европа бирлиги, Европа инвестициялык банкы жана Германиянын өнүктүрүү банкы (КfW) биргелешип каржылаган “Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” долбоору иш-чарага активдүү катышып, өлкөнүн агроөнөр жай секторун өнүктүрүү үчүн долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады. Долбоордун айыл чарбасын каржылоо жаатындагы потенциалын өнүктүрүү боюнча эксперт Акимбек Бектеналиев сунуш кылды. Ал айыл чарбасын каржылоо боюнча панелдик талкууга катышып, көргөзмө залындагы долбоордун стендине келгендердин суроолоруна жооп берди.