Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.


14-январда Токмок шаарында “Сертификаттоо стандарттары жана схемалары” аталышындагы семинар болуп өттү.

 

“Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун алкагында Кыргызстанда эл аралык стандарттар жана ISO 9001, ISO 22000, GOBAL GAP сыяктуу тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун сертификациялоо схемалары, ЕБ органикалык продукциясынын жана адилеттүү соода сатыктын тийиштүү практикасы боюнча киришүү семинары өткөрүлдү.

Семинардын максаты Кыргызстандын балык өнөр жай Ассоциациясынын мүчө ишканаларынын өкүлдөрүн эл аралык сапат стандарттары менен тааныштыруу, аларды киргизүү жана аларга ылайыктуу стандарттарды тандоого жардам берүү болду. Ошондой эле катышуучуларга долбоордун иш-аракеттери жөнүндө маалымат берилди, мисалы, ишканаларды сертификаттоого көмөктөшүү, тандоо критерийлери жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугу, сапаты стандарттарын жана сертификаттоо схемаларын киргизүү боюнча техникалык жардам алуу жолдору.

 

Семинар Токмок шаарында өтүп, ага Чүй облусундагы алты балык чарба ишканасынын өкүлдөрү катышты. Ал балык продукциясын андан ары экспорттоону жеңилдетүү үчүн балыкты инкубациялоо, өстүрүү жана кайра иштетүү этаптарында эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерин терең талкуулоону камтыды.

 

“Бул семинарда биз азык-түлүк коопсуздугунун стандарттары жана аларды ишке ашыруу жөнүндө көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алдык, ошондой эле сунушталган ишканаларды сертификаттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө көбүрөөк билдик. Бул жакшы семинар болду, келечекте алынган маалыматты бизнесибизди өнүктүрүү үчүн колдонууну пландап жатабыз”, – деди семинарга катышкан жана “Азия Плюс” компаниясында иштеген Калыс Жумабаев.

 

Долбоордун алкагында тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөр үчүн бул сектордо алардын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында эл аралык стандарттарга ылайык ишканаларды сертификаттоо боюнча ушундай семинарларды уюштуруу пландаштырылууда.

 

Эске салсак: Кыргызстанда “Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” долбоору 2023-жылдын 25-апрелинде ишке киргизилген жана фермерлерди жана нарк чынжырынын катышуучуларын айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү үчүн жаңы алдыңкы технологияларды, продукциянын сапатынын эл аралык стандарттарын жана жергиликтүү валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык насыяларына жетүүнү ишке киргизүүдө колдоону карайт.

 

Долбоордун бюджети 37 миллион еврону түзөт жана долбоорду Европа бирлиги (ЕС), Европа инвестициялык банкы (ЕИБ) жана Германиянын өнүктүрүү банкы (KfW) биргелешип каржылайт.

 

“Наркты түзүү чынжырын агрокаржылоо” долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин колдоосу жана катышуусу менен Германиянын GOPA AFC консалтинг компаниясы (CAIConsulting консорциуму менен) тарабынан ишке ашырылат.