Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Донорлор



“Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоору Европа биримдиги (EU), Европа инвестициялык банкы (EIB) жана Германия өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан биргелешип каржыланат. Долбоордун бюджети 37 миллион еврону түзөт жана төмөнкү компоненттерден турат:

Бул  дыйкандардын жана агробизнестин өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүндө жабдууларды жаңыртууга жана өз ишинде заманбап технологияларды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

KfW жана ЕИБ ресурстары инвестициялык максаттарда жана жүгүртүү капиталын толуктоого болгон керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн тандалган жергиликтүү коммерциялык банктар аркылуу айыл чарбасындагы өндүрүштүк– сатык чынжырчаларынын катышуучулары болгон микро, чакан жана орто ишканаларды (МЧОИ) насыялоо үчүн пайдаланылат. Банктар аркылуу Долбоордун ресурстарынын эсебинен насыя алууга укугу бар максаттуу бенефициарлар болуп дыйкандар, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар, айыл чарба сектору үчүн кызмат көрсөтүүчүлөр, ошондой эле айыл чарбасында кошумча нарк чынжырчаларына интеграцияланган дистрибьюторлор саналат.

Европа Биримдиги бөлүп берген гранттык ресурстар Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонд (APIF) аркылуу төмөнкүлөргө жумшалат:



Министрликтер



Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МЧОИ микро, чакан жана орто ишканаларга (МЧОИ) насыя катары бериле турган каражаттарды катышуучу өнөктөш финансылык мекемелерине бөлүштүрүү аркылуу долбоорду ишке ашырат.

Катышуучу өнөктөш финансылык мекемелери аркылуу бөлүштүрүлө турган EIB жана KfW каражаттары 31 миллион еврону түзөт. Бул каражаттар инвестициялык максаттарга 3 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө жана жүгүртүү капиталын толуктоого кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучулары болгон МЧОИларга улуттук валютада берилет.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандагы айыл чарба өндүрүштүк-сатык чынжырчаларын/кластерлерин колдоо жана ишке киргизүү боюнча Долбоордун маанилүү өнөктөшү болуп саналат.

Министрликтин максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүн жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясынын, тамак-аш өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана ошондой эле кластердик өндүрүштүн негизинде өндүрүштүк-сатык чынжырчаларын өнүктүрүү болот.

Министрлик менен Долбоордун стратегиялык кызматташуусу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү боюнча Долбоордун эффективдүү ишке ашырылышын камсыз кылат.



Өнөктөш банктар


Маалымат жакында жарыяланат.



Бирикмелер жана уюмдар



"Окутуу жана консультациялык борбору" коомдук фонду (TES-Centre) жергиликтүү бейөкмөт уюм болуп саналат. TES-борборунун максаты - сапаттуу окутуу жана консультация берүү аркылуу айыл чарба секторунда иштеген калктын кирешесин жогорулатуу. TES-борбору 1999-жылы Ош мамлекеттик университети менен биргеликте Германиянын техникалык кызматташуу долбоорунун алкагында түзүлгөн. TES-борборунун башкы миссиясы кызматташтыкты өнүктүрүү жана инновациялык комплекстүү ыкмаларды сунуштоо аркылуу дыйкандардын кирешелерин жогорулатуу болуп саналат.
TES-борбору кант кызылчасын, калемпирди, пиязды, картошканын үрөнүн өстүрүү жана кыртышты нөлдүк иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу "Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо" Долбооруна катышат.
1999-жылы негизделген "Жалал-Абад облусунун Айылдык консультациялык кызматы" (ЖА АКК) Кыргызстанда айыл чарбасын жана бизнести өнүктүрүү максатында айылдык жамааттарга техникалык жардам көрсөтүү сунуштаган билимди жайылтуу кызматы болуп эсептелет.
RAS JA миссиясы айыл чарбасы боюнча сапаттуу консультациялык кызматтарды көрсөтүү менен жакырчылыкты кыскартууга жана Кыргызстандын айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат. Компания картошканы эгүү жана жерди нөлдүк иштетүү схемаларын ишке ашыруу боюнча Долбоорго катышат.
"АгроЛид" компаниялар тобу "АгроЛид", "АгроЛид Плюс кооператив" жана "FairMatch Support Central Asia" коомдук бирикмелеринен турат. Ар бир уюм төмөнкү багыттарда иштейт:
* Окутуу жана консалтинг;
* Кооперативди үрөн менен камсыз кылуу жана продукцияны сатуу;
* Глобалдык кошумча нарк чынжырларын түзүү.
Жыйынтыгында жогорудагы уюмдардын иш-аракеттери дыйкандарды коштоп жүрүүнүн толук циклин түзөт. AgroLead дыйкандарга окутуу, үрөн менен камсыздоо, айыл чарба жана маркетинг стратегиялары боюнча консультацияларды камтыган комплекстүү кызматтарды сунуштайт.

"АгроЛид" компаниясы үрөндүк картошка өндүрүү жана топуракты нөлдүк иштетүү схемаларын ишке ашыруу аркылуу "Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо" долбооруна катышып келет.
CACFRAS жана APIRAS регионалдык органдар менен байланышкан улуттук платформа GFRAS тармагынын негизги компоненти болуп саналат. KGFRASтын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде билимдерди жайылтуу кызматтарынын иш-аракеттерин консолидациялоо, айыл чарбасы боюнча кеңеш берүү жаатындагы муктаждыктарды жана жетишкендиктерди пропагандалоо. Бул форумдун мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу, инновациялар жана прогресс үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча макулдашылган биргелешкен аракеттерди камтыйт.
Долбоордун алкагында KGFRAS ишке ашырылып жаткан схемаларды уюштуруу жана аларды иштеп чыгууга, мындан сырткары картошка үрөнүн өндүрүүдө сапатты камсыз кылуу системасын ишке ашырууга жооптуу болуп саналат.
Ассоциация Кыргыз Республикасынын дыйкандарынын демилгеси менен түзүлгөн. Ассоциациянын негизги милдеттери болуп мүчөлөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо жана тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу технологиялык, финансылык, кадрдык жана мыйзамдык чөйрөнү түзүү саналат.

Ассоциациянын приоритеттүү багыттары: технологиялык модернизациялоо, финансылык инструменттерди иштеп чыгуу жана экспорттук потенциалды жогорулатуу.
Долбоор Ассоциациянын потенциалын жогорулатууга жана анын ишмердүүлүгүн кеңейтүү компонентин бекемдөөгө багытталат.


Сыноо лабораториялары


Долбоордун ишмердүүлүгү агроазык-түлүк продуктыларын сыноо боюнча мамлекеттик лабораторияларга инвестицияларды каржылоо жолу менен тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жана сапатын жогорулатууга багытталган. Долбоор тандаган мамлекеттик лабораториялардын катарына Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлору, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Бишкек сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору кирет.

Тамак-аш азыктарын тестирлөө боюнча айрым лабораториялардын жетекчилиги менен тыгыз кызматташтыкта биз агроазык-түлүк товарларын сыноо мамлекеттик лабораторияларынын жабдууларда жана реабилитациялоодо муктаждыктарын иликтедик. Жабдуулар (алардын ичинде маалымдама материалдар жана маалыматтар) жана реабилитациялоодо муктаждыктар долбоордун катышуучулары тарабынан расмий бекитилет. Тендерлерди жана сатып алууларды өткөрүүнүн кийинки процесси ачык-айкындуулукту жана эффективдуулукту камсыз кылуу үчүн кызыкдар тараптардын процедураларына жана талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Инвестицияларды каржылоо жана know-how өткөрүп берүү боюнча иш-чараларынын алкагында мамлекеттик агроазык-түлүк лабораторияларында тестирлөөнүн 43 сыноо ыкмасы өздөштүрүлөт. Төмөндө лабораториялар боюнча тестирлөө методдорунун бөлүштүрүлүшү келтирилген:

Лаборатория Тестирлөө методдорунун саны
Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлору 23
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 6
Бишкек сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору 14


Агро кайра иштетүүчүлөр


Маалымат жакында жарыяланат.