Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Долбоор жөнүндө кыскача маалымат

Долбоордун аталышы:

Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо

Долбоордун максаты:

Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө негизделген атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн тандалган кошумча нарк чынжырларын колдоо жана кайра иштетүүдө жана маркетингде жакшы айыл чарба тажрыйбаларын жана жеткиликтүү технологияларды колдонууга көмөктөшүү.

Долбоор төмөнкү тарабынан каржыланат:

Европа Биримдиги (EU), Европа Инвестициялык Банкы (EIB), Германия Өнүктүрүү Банкы (KfW)

Долбоор төмөнкү министрликтердин жардамы жана катышуусу менен ишке ашырылат:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

Долбоорду төмөнкү уюмдар ишке ашырат:

GOPA AFC GmbH жана GOPA-CAICo

Ишке ашыруу мөөнөтү:

Апрель 2023 – Май 2027

Долбоордун офисинин дареги:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин имараты, Бишкек, Эркиндик 58 а, офис №503, 505

“Кошумча нарк чынжырын агро каржылоо” долбоору Кыргызстандагы айыл чарба продукциясынын өндүрүшүн жана сапатын жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы кошумча нарк чынжырчаларына камтылган айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө техникалык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Жогорудагы ишкерлерди Долбоордун бенефициарлары катары колдоо алуусу алардын жашыл технологиялар, климаттык жактан ойлоштурулган жер иштетүү, экологиялык жана социалдык стандарттар жөнүндө билимин кеңейтүүгө мүикүнчүлүк берет. Мындай жагдай продукциянын сапатын жакшыртуу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн негизги механизм болуп, жыйынтыгында, Кошумча нарк чынжырчаларын күчөтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга алып келет.

Ушул эле принцип айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жана шаардын аймактарында иштеп аткан микро, чакан жана орто ишканаларды Долбоор колдой турган субъектилеринин катарына кошуу үчүн да колдонулат. Долбоор расмий түрдө 2023-жылдын 25-апрелинде башталган.

Долбоордун максаттуу бенефициарлары болуп Кыргызстандын бардык аймактарында айыл жана шаар жерлеринде айыл чарба продукциясын өндүрүү же жергиликтүү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген микро, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) саналат.

Долбоор Европа Биримдиги, Европа Инвестициялык Банкы (ЕIB) жана Германиянын өнүктүрүү Банкы (KfW) тарабынан каржыланат, жалпы бюджети 37 млн.евро. Долбоордун EIB жана KfW тарабынан берилген насыя каражаттары жергиликтүү валютада тандалган коммерциялык уюмдар аркылуу тандалган айыл чарба кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучуларына, ошондой эле, башка айыл чарба кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучуларына да берилет. Жыйынтыгында, Долбоор тандалып алынган кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучуларына, ошондой эле башка айыл чарба кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучуларына насыя ресурстарын алууда колдоо көрсөтөт.

Долбоорду GOPA AFC Германиялык консалтинг компаниясы жергиликтүү GOPA-CAICo консалтинг компаниясы менен консорциумда жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин колдоосу жана активдүү катышуусу менен ишке ашырууда. Консорциумдун максаты – баштапкы өндүрүш багытында алдыңкы айыл чарба практикасын өздөштүрүү, агроазык-түлүк секторунда кайра иштетүүнүн жана бөлүштүрүүнүн жеткиликтүү мыкты технологияларын өздөштүрүү, эл аралык сертификаттоо системаларын өздөштүрүү жана фермерлерди бекемдетилген кошумча нарк чынжырчаларына интеграциялоо болуп саналат.

Долбоордун максаттуу бенефициарлары болуп Кыргызстандын бүткүл аймагында айыл жана шаар жерлеринде жергиликтүү айыл чарба продукциясын өндүрүү же кайра иштетүү менен алектенген микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) саналат.

ДОЛБООРДУН КОНКРЕТҮҮ МАКСАТТАРЫ:

Айыл чарба техникаларын жана жабдууларын сатып алуу үчүн микро, чакан жана орто ишканаларды узак мөөнөттүү каржылоо менен туруктуу камсыз кылуу жана алынган жабдууларды натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү.
Финансы мекемелерине микро, чакан жана орто ишканаларын (МЧОИ) узак мөөнөттүү каржылоого туруктуу камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Агроазык-түлүк секторунда рентабелдүүлүктү жана кирешелерди көбөйтүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүүлуктү жогорулатууга өбөлгө түзүүчү атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүк-сатык кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү жана колдоо. Бул, өз учурунда, улуттук жана дүйнөлүк рыноктордо коммерциялык активдүүлүктү жогорулатуу аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга көмөк көрсөтөт.
МЧОИ деңгээлинде айыл чарбасынын экологиялык туруктуу алдыңкы методдорун өздөштүрүү.
Өндүрүштүк системаларын стандартташтыруу жана сапатты жогорулатуу аркылуу чакан фермерлерди коммерциялык кошумча нарк чынжырчаларына интеграциялоо.
Кыргыз Республикасында продукциянын сапатын жогорулатуу, экологиялык жана санитардык стандарттарды жана практикаларды жакшыртуу үчүн айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларында сертификаттоонун эл аралык системаларын өздөштүрүүнү колдоо.

Агроөнөр жай комплексинин мамлекеттик лабораторияларынын стандарттарын жогорулатуу аркылуу тамак-аш азыктарынын коопсуздук лабораторияларын өнүктүрүү, жаңы аналитикалык методдорду өздөштүрүү жана техникалык тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү лабораторияларга автономдуу иштөөгө мүмкүндүк берет. Мындай жагдай, өз учурунда техникалык тейлөөнүн тышкы кызматтарынан көз карандылыгын төмөндөтөт.

Долбоордун негизги милдеттеринин бири мамлекеттик лабораториялар менен кызматташуу жана алардын техникалык компетенттүүлүгүн жогорулатуу аркылуу тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун жана сапатынын критикалык параметрлерин аныктоо болот.

Климатка ылайыкташкан айыл чарба

Долбоор, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү эске алуу менен, климатка ылайыкташкан айыл чарба методдорун активдүү сунуштайт. No-till технологиясын өздөштүрүү сыяктуу демилгелер фермерлерге аба ырайынын өзгөрүп турушуна ыңгайлашууга жана кургакчылык шартында да инновациялык ыкмаларды пайдалануу аркылуу түшүмдүүлүктү оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк берерин көрсөтөт.

"Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо" долбоору Кыргызстандын айыл чарбасынын алдыңкы методдоруна багыт алгандыгын тастыктап турат. Долбоор кызматташуу, инновациялар жана стратегиялык инвестициялар аркылуу өлкөнүн динамикалуу жана туруктуу айыл чарба келечегине жол ачат.

Долбоордун Миссиясы

"Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо" долбоорунун миссиясы Кыргызстанда ишенимдүү, туруктуу жана өнүккөн айыл чарба секторун түзүү.

Долбоор инновацияларды өнүктүрүү, каржы булактарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана азык-түлүктүн коопсуздугун камсыз кылуу аркылуу фермерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, айыл чарба стандарттарын жогорулатууну жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошууну көздөйт.

Биздин максаттарыбыз

Агробизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү:

Микро, чакан жана орто ишканаларга (МЧОИ) узак мөөнөттүү каржылоону алууга туруктуу мүмкүнчүлүк берүү. Мындай колдоо МЧОИларга заманбап айыл чарба технологияларын жана жабдууларын сатып алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен бирге алардын өнүгyүсүн шартайт.

Атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүк-сатык чынжырчаларын түзүү:

Агроазык-түлүк секторунда өндүрүштүк-сатык чынжырчаларын өнүктүрүү жана бекемдөө, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул экономикалык туруктуулукту гана бекемдебестен, улуттук жана эл аралык рыноктордо коммерциялык байланыштарды кеңейтүү аркылуу азык-түлүк коопсуздугун да жогорулатат.

Айыл чарбасынын туруктуу ыкмалары

МЧОИлардын деңгээлинде айыл-чарбанын экологиялык туруктуу ыкмаларын өздөштүрүү. Экологиялык жоопкерчиликтүү ыкмаларды илгерилетүү аркылуу Долбоор айыл-чарба жетишкендиктер менен экологиялык коопсуздукка ылайык келүүсүн камсыздоо аркылуу прогресс менен экологиялык гармониянын ортосунда баланс түзөт.

Чакан дыйкан чарбаларын бириктирүү:

Чакан фермерлердин коммерциялык кошумча нарк чынжырчаларына комплекстүү интеграцияланышын камсыз кылуу. Бириктирүү процесси өндүрүш системаларын стандартташтыруу жана продукциянын сапатын жогорулатуу менен байланышкан. Стандарттардын жогорулашынан улам чакан дыйкан чарбалар кирешелүү коммерциялык ишканалардын активдүү катышуучулары боло алышат.

Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу айыл чарбасын илгерилетүү:

No-till технологиясы сыяктуу инновациялык технологияларды камтыган климаттык жактан мыкты айыл чарба тажрыйбаларын жайылтуу. Перспективдүү жана туруктуу ыкмаларды колдонуу менен, Долбоор дыйкандарга климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөргө эффективдүү ылайыкташышына мүмкүнчүлүк берүү менен айыл чарбасынын туруктуулугун жогорулатат.

Финансылык туруктуулукту камсыздоо:

Финансы мекемелерине микро, чакан жана орто ишканаларга (МЧОИ) туруктуу узак мөөнөттүү каржылоо каражаттарын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Сектордогу финансылык туруктуулукту бекемдөө менен, долбоор үзгүлтүксүз өсүштү жана эффективдүүлүктү жогорулатат.