Өзгөн районунда дан эгиндерин өстүрүүдө No-till технологиясын колдонуунун жыйынтыктары бааланды
2026-жылдын 16-июлунда Өзгөн районунда «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун эксперттери тарабынан дан эгиндери өстүрүлгөн талааларга мониторинг жүргүзүү жана No-till технологиясын колдонуунун жыйынтыктарын баалоо максатында талаа иш сапары уюштурулду.
Иш сапардын алкагында долбоордун эксперттери Эльвира Суванова жана Шерзод Абдурахманов Өзгөн районунун Кароол жана Кашка-Терек айылдарындагы фермердик чарбаларга барышты. Негизги көңүл эгиндердин абалына, түшүм жыйноонун жүрүшүнө, түшүмдүүлүккө, экономикалык көрсөткүчтөргө жана фермерлер туш болгон көйгөйлөргө бурулду.
Түшүмдүүлүк 28 ц/га чейин жетти
Мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, сурамжылоого катышкан фермерлердин көпчүлүгү быйылкы сезондун жыйынтыгына канааттанган.
No-till технологиясы колдонулган жана түшүмү ийгиликтүү жыйналган айрым талааларда буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 20-28 центнерди түздү.
Айрым чарбаларда түшүмдүүлүк 26-28 ц/га чейин жеткен. Мисалы, Кашка-Терек айылындагы 10 гектар аянттагы талаада орточо түшүмдүүлүк 28 ц/га түзгөн.
Фермерлер дан эгиндеринен тышкары чөп сатуудан да кошумча киреше алышууда. Айрым талаалардан бир гектардан болжол менен 100-150 түк чөп жыйналган. Мониторинг жүргүзүлгөн учурда бир түктүн базар баасы 120-130 сомду түзгөн.
Буудайдын базардагы баасы негизинен 20-22 сом/кг деңгээлинде болуп, айрым учурларда 25 сом/кг чейин жеткен.
Кашка-Терек айылындагы фермерлердин тажрыйбасы
Кашка-Терек айылындагы фермерлер No-till технологиясын кайрак жерлерде колдонуунун оң натыйжаларын белгилешти. Алардын айтымында, мындай шарттарда буга чейин мынчалык жогорку түшүмдүүлүккө жетишкен эмес.
Фермерлер технологиянын артыкчылыктарынын бири катары себүү иштерине кеткен чыгымдарды азайтууну белгилешти. Ошондой эле Жалал-Абад СКС тарабынан көрсөтүлгөн консультациялык колдоого жогору баа беришти.
Фермерлер өсүмдүктөрдү коргоо боюнча берилген сунуштардын натыйжалуулугун өзгөчө белгилешти. Адистердин консультацияларынын жардамы менен мурда талааларда олуттуу көйгөй жараткан отоо чөптөр менен күрөшүүдө жакшы натыйжаларга жетишилген.
Мониторинг учурунда айрым чарбалар түшүм жыйноону толугу менен аяктаган. Мисалы, 2,5 гектар аянттагы бир талаадан 70 центнер буудай алынып, түшүмдүүлүк 28 ц/га түзгөн. Дагы бир 0,8 гектар талаадан 21,5 центнер түшүм алынган, бул болжол менен 26,8 ц/га түшүмдүүлүккө туура келет.
Ошол эле учурда айылда айыл чарба техникасына байланыштуу олуттуу көйгөй жаралган. Айылдагы жалгыз комбайн бузулуп калгандыктан, бир нече фермер бышып жетилген буудайын убагында жыйнай албай турган абалда калган. Түшүмдү жыйноонун кечигиши дандын төгүлүп кетишине жана анын салмагынын азайышына алып келүү коркунучун жараткан.
Ушуга байланыштуу фермерлер айылга өзүнүн No-till үрөн сепкичин жана комбайнын алуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунушташты. Долбоордун эксперттери үрөн сепкичти сатып алуу экономикалык жактан натыйжалуу болушу үчүн айылдагы No-till технологиясы менен иштетилген жалпы жер аянты кеминде 100 гектар болушу керектигин түшүндүрүштү.
Мындан тышкары, фермерлер муксуз буудай сортторун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну с





