Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 24-июлунда «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин өкүлдөрү жана долбоордун эксперттери Чүй облусуна талаа сапары менен барышты. Сапардын негизги максаты долбоордун алкагында көрсөтүлүп жаткан техникалык колдоонун жыйынтыктары менен таанышуу, дыйкан чарбаларынын учурдагы абалын көрүү жана фермерлердин пикирлерин угуу болду.

Сапардын жүрүшүндө делегация Төмөнкү Чүй айылындагы таттуу калемпир өстүргөн фермердик чарбаны жана Кара-Балта шаарындагы кант кызылчасын өстүргөн чарбаны кыдырып чыкты. Катышуучулар айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиялары, талаада жүргүзүлүп жаткан иштер жана өндүрүштөгү учурдагы жетишкендиктер менен таанышып, фермерлер менен тармактагы негизги маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле долбоордун фермерлердин ишмердүүлүгүнө тийгизген экономикалык таасирине өзгөчө көңүл бурулду. Таттуу калемпир боюнча кошумча нарк чынжырчасына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында орточо түшүмдүүлүк жана фермерлердин кошумча кирешеси эсептелди. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, долбоорго катышкан фермердик чарбалардын түшүмдүүлүгү долбоорго катышпаган чарбаларга салыштырмалуу орточо 20-30% жогору экени аныкталды. Мындай жыйынтыкка заманбап агротехнологияларды колдонуу, адистердин консультациялык колдоосу жана каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүктүн кеңейиши аркылуу жетишилүүдө.

Талаа сапары Европа Биримдигинин өкүлдөрүнө долбоордун практикалык натыйжалары менен жеринде таанышууга, жашылча секторундагы негизги көйгөйлөрдү талкуулоого жана таттуу калемпир менен кант кызылчасы боюнча кошумча нарк чынжырчаларын мындан ары өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берди.