Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 9-апрелинде Чүй облусунда «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында таттуу калемпир өстүргөн фермердик чарбаларды мониторинг жүргүзүү максатында талаа иш сапары уюштурулду.

Сапардын негизги максаты фермерлердин чарбаларын кыдыруу, көчөт өстүрүлгөн күнөсканаларды көзөмөлдөө, отургузуу материалдарынын абалын баалоо жана фермерлерге консультациялык колдоо көрсөтүү болду. Иш сапардын жүрүшүндө 6 чарба текшерилип, учурда күнөсканаларда көчөттөр толугу менен отургузулганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, негизги өстүрүлүп жаткан сорттор «Слоновое ухо», «Слоновая нога» жана жергиликтүү репродукциядагы «Ласточка» болуп саналат. Ошол эле учурда, өткөн жылы жогорку натыйжа көрсөткөн «Полет» сортуна суроо-талап жогору болгонуна карабастан, тышкы факторлорго байланыштуу Кыргызстан рыногуна жеткирилген жок. Экономикалык жактан алганда, «Феррари» гибриди кымбат бойдон калууда, ал эми «Слоновое ухо» жана «Ласточка» фермерлер үчүн жеткиликтүүрөөк варианттар болуп саналат.

Агротехникалык иштер боюнча фермерлер учурдагы шарттарга ылайыкташууда. Аммофостун жоктугуна байланыштуу диаммофоска жана аммиак селитрасы колдонулууда. Ошондой эле карбамид жетишсиз болуп, анын ордуна селитра колдонуу сунушталууда, дозалары өсүмдүктүн муктаждыгына жараша жөнгө салынууда.

Барган чарбалардын арасында тажрыйбалуу фермерлер менен катар жаңыдан баштаган катышуучулар да бар. Айрым чарбалар жер семирткичтерге арыз беришкен, ал эми кээ бирлери өз ресурстары менен иш алып барууда. Алты чарбанын ичинен экөөсүндө гана тамчылатып сугаруу системасы колдонулууда, бул технологияны кеңири жайылтуу зарылдыгын көрсөтөт.

Иш сапардын жүрүшүндө негизги тобокелдиктер да аныкталды. Кредит берүү шарттарынын өзгөрүшү, тактап айтканда толук төлөмдөн 50 на 50 моделине өтүү айрым фермерлер үчүн кыйынчылык жаратууда. Мындан тышкары, жер семирткичтердин баасынын өсүшү жана сугат суусунун тарифтеринин жогорулашы күтүлүүдө. Логистикалык көйгөйлөр да сапаттуу үрөндөрдүн жеткиликтүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө.

Жыйынтыгында бир катар сунуштар берилди. Жаңы катышуучулар үчүн маалыматтык жана консультациялык колдоону күчөтүү зарыл. Тамчылатып сугаруу технологиясын жайылтууну улантуу маанилүү. Ошондой эле жер семирткичтер жетишсиз болгон шартта альтернативалуу каражаттарды туура колдонуу боюнча так сунуштарды иштеп чыгуу керек, бул түшүмдүүлүктүн төмөндөшүн алдын алууга жардам берет.