Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоору мамлекеттик лаборатория кызматкерлери үчүн Германияга билим берүү сапарын уюштурду
2026-жылдын март айында мамлекеттик лабораториялардын потенциалын жогорулатуу жана техникалык колдоо көрсөтүү алкагында “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоору лаборатория кызматкерлери үчүн Германияга билим берүү сапарын уюштурду
Окуу сапарынын алкагында катышуучулар Германиянын жана Европа Биримдигинин лаборатория тармагы жана биотехнология багытындагы алдыңкы техникалык борборлоруна барышты. Программанын негизги бөлүгү Мюнхен шаарында өткөн Analytica 2026 эл аралык көргөзмөсүнө катышуу болду. Бул көргөзмө лабораториялык технологиялар тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы аянтча болуп эсептелет жана автоматташтыруу багытындагы акыркы тенденциялар менен инновациялык чечимдерди сунуштады.
Ошондой эле окуу сапардын алкагында Shimadzu Europa GmbH компаниясына визит уюштурулду ал дүйнөлүк деңгээлде лабораториялык аналитикалык жабдууларды өндүрүү боюнча алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат
Бул окуу сапары лаборатория кызматкерлерине өз билимдерин тереңдетүүгө жана лабораториялардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өбөлгө түздү. Айрыкча азык түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө жана изилдөө системасын модернизациялоо ошондой эле инновациялык изилдөө ыкмаларын киргизүү багытында маанилүү тажрыйба алмашуу болду. Катышуучулар заманбап технологиялар менен таанышып практикалык демонстрацияларга катышып жабдууларды жеткирүүчүлөр менен кесиптик байланыштарды түзүп Европа өлкөлөрүндө колдонулган актуалдуу ыкмалар тууралуу маалымат алышты





