Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 6 жана 10-март күндөрү Сокулук жана Москва райондорунда айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн көчмө окутуу тренингдери өткөрүлдү. Иш чаралар Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоорунун алкагында дан өсүмдүктөрү багыты боюнча уюштурулду.

Тренингдер «АгроЛид» коомдук бирикмесинин катышуусунда өткөрүлүп, фермерлердин заманбап агротехнологиялар, жер семирткичтерди туура колдонуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо боюнча билимдерин жогорулатууга багытталды.

Сокулук районунда окутуу Жаны Жер, Жаны Пахта, Учхоз, Степной жана Камышановка айылдарында өтүп, ага 28 адам катышты. Москва районунда иш чаралар Беловодское, Спартак жана Алга айылдарында өткөрүлүп, 17 фермер катышты.

Эксперт Эстебес Бейшеев күздүк буудайды жазгы азыктандыруу боюнча кеңири маалымат берди. Ал азоттук жер семирткичтерди колдонуу мөөнөттөрүн жана ыкмаларын, алардын түрлөрүн, ошондой эле топурактагы азык элементтеринин курамына жараша нормаларын түшүндүрдү.

 

Өзгөчө көңүл No-Till (Жерди айдабай түз себүү) технологиясында отоо чөптөргө каршы күрөшүүгө бурулду. Катышуучуларга эгин талаасындагы отоо чөптөрдү аныктоо, гербициддерди туура тандоо, ошондой эле аларды колдонуу мөөнөттөрү жана нормалары боюнча түшүндүрмө берилди.

Тренингдердин жүрүшүндө фермерлер топурактын өзгөчөлүктөрүн, климаттык шарттарды жана өсүмдүктүн муктаждыктарын эске алуу менен жер семирткичтерди туура эсептөө боюнча практикалык сунуштарды алышты. Мындан тышкары буудайдын негизги оорулары, зыянкечтери жана отоо чөптөрү каралып, аларга каршы натыйжалуу күрөшүү ыкмалары сунушталды.

Ошондой эле катышуучулар No-Till (Жерди айдабай түз себүү) технологиясынын артыкчылыктары менен таанышышты. Бул технология топуракта нымды сактоого, эрозияны азайтууга жана анын түзүмүн жакшыртууга жардам берет. Мындай ыкманы колдонуу өндүрүш чыгымдарын азайтып, айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун жогорулатары белгиленди.

Иш чаралар интерактивдүү форматта өттү. Фермерлер суроолорун берип, тажрыйба алмашып жана адистерден практикалык сунуштарды алышты. Бул болсо заманбап айыл чарба ыкмаларын жайылтууга жана дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.