Азык-түлүктүн сапаты жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча кызматташтык: Кыргызстандын лаборатория өкүлдөрү Латвияда окуудан өтүштү
2025-жылдын 19–25-октябрында GOPA AFC GmbH компаниясы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, продукциянын сапатын жакшыртууга жана туруктуу өндүрүш ыкмаларын жайылтууга багытталган «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында Латвияга окутуу-туру уюштурду.
Иш-чара Латвиянын азык-түлүк коопсуздугу, жаныбарлардын ден соолугу жана айлана-чөйрө боюнча улуттук референттик лабораториясы болуп эсептелген “BIOR” институтунун базасында өттү. Институт аналитикалык изилдөөлөр жана тобокелдиктерди баалоо боюнча алдыңкы адистик борбор катары таанылган.
Окууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик лабораторияларынын өкүлдөрү катышты, анын ичинде:
- Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору;
- Бишкек сыноо, сертификация жана метрология борбору;
- Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
Сапардын максаты — адистердин квалификациясын жогорулатуу, булгануучу заттар менен калдыктардын өлчөмүн аныктоонун аналитикалык ыкмалары боюнча практикалык көндүмдөрдү үйрөнүү, ошондой эле Европа Биримдигинин талаптарына ылайык азык-түлүктү сертификаттоо процедуралары менен таанышуу болду.
Беш күндүк интенсивдүү окуу профессорлор Айварс Берзиньш жана Вадим Барткевичс, ошондой эле лабораториянын адистери Ивета Пугаева, Анна Скрастина, Роман Павленко жана башкалардын жетекчилиги астында өттү.
Окуу программасы төмөнкү темаларды камтыды:
- Пестициддерди, микотоксиндерди жана ветеринардык препараттарды талдоонун заманбап ЕБ практикасы;
- Лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын контролдоо жана валидациялоо ыкмалары;
- Азык-түлүктү сертификаттоо жана азыктык кошумчалардын маркировкасын баалоо тартиби (ЕБ Регламенти №1169/2011 боюнча);
- BIOR институтунун балдын сапатын жана аныктыгын аныктоо боюнча акыркы изилдөөлөрү.
Окуу процессинде азык-түлүк коопсуздугу, продукциянын көзөмөлдөнүп турушу жана Европа Биримдигинин стандарттары өзгөчө көңүл борборунда болду. Бул багыт Кыргызстандын лабораториялары үчүн эл аралык сапат системаларына интеграциялануу жагынан абдан маанилүү.
Мындай окуу иш-чаралары улуттук лабораториялардын потенциалын бекемдөөгө, кесиптик байланыштарды өнүктүрүүгө жана Европанын алдыңкы илимий борборлору менен тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.





