Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2025-жылдын 1-августунда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылынын фермери Равшан Жоошевдин демонстрациялык талаасында «Таттуу калемпирдин гибриддерин жана сортторун өстүрүү технологиясын демонстрациялоо» темасында талаа күнү болуп өттү.

Иш-чараны Айнагүл Насырованын координациясындагы таттуу калемпир нарктын кошумча чынжыры уюштуруп, 50 катышуучуну чогулта алды. Ага райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, Айыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин биофабрикасынын эксперттери, ошондой эле «Агровито», «Агриматка» жана башка компаниялардын өкүлдөрү катышты.

 

Куттуктоо сөздөрүн TES-борборунун Бишкек филиалынын директору Максат Кожомкулов, Сокулук РУАР өкүлү Аката Баялиев жана AFC долбоорунун өкүлү Эльвира Суванова сүйлөп, “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо”

долбоору аркылуу дыйкандарды колдоонун маанисин белгилешти. TES-борборунун агроном-эксперти Абдилхамид Мамашукуров таттуу калемпир өстүрүүдөгү жаңылыктарды — өсүмдүктөрдү азыктандыруу жана коргоо системасынан тартып, себүү, көчөт отургузуу жана жер семирткичтерди колдонуу ыкмаларына чейинки жаңычыл ыкмаларды тааныштырды. Дыйкандар кышкы куу куртка каршы күрөшүүнүн жолдору менен да таанышты.

Практикалык бөлүгүндө калемпир үлгүлөрү көрсөтүлүп, түшүмдүүлүгү жана экспортко ылайыктуулугу боюнча эң мыкты бааны ПАЛЁТ+ гибриди (493 г) алды.

Экономикалык бөлүктө катышуучулар ар түрдүү гибриддердин пайдалуулугун салыштырып талдашты. Органикалык департаменттин адистери биологиялык коргоо ыкмаларын — энтомофагдарды жана биофунгициддерди сунуштап, үрөн жана жер семирткич жеткирүүчү компаниялар өз продукцияларын тааныштырды.

Талкууларда өзгөчө көңүл биологиялык жана химиялык ыкмаларды айкалыштырган интеграцияланган коргоо системасына, сорт тандоого, отургузуунун оптималдуу схемаларына жана сугаруу маселелерине бурулду.

Бул тала күнү “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоорунун колдоосунда өткөрүлдү. Бул долбоор Кыргызстандагы айыл чарба продукциясынын өндүрүшүн жана сапатын жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы кошумча нарк чынжырчаларына камтылган айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө техникалык жардам көрсөтүүгө багытталган.