Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2025-жылдын 15-августунда «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун эксперти Эльвира Суванова ТЕС борборунун адистери менен бирге Жайыл районуна (Ак-Башат жана Жекен айылдарына) иш сапар жасап, кант кызылчасынын айдоо аянттарына мониторинг жүргүздү.

Иш сапардын жүрүшүндө беш талаа каралып, сегиз дыйкан менен маектешүү болду. Дыйкандардын айтымында, быйыл жаз айларындагы жамгырдан кийин пайда болгон катуу топурак катмарынын айынан кант кызылчасын кайра себүүгө туура келген. Айрым учурларда себүү эки же үч ирет кайталаган. Болгону эки дыйкан гана кайра себүүдөн кача алды: бири эрте себүү аркылуу, экинчиси спрей менен сугарып топурак катмарын бузуу жолу менен.

Мониторингдин жыйынтыгында айрым талааларда өсүмдүктөрдүн сейрек чыкканы отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө алып келгени аныкталды. Ошентсе да, массалык зыянкечтер жана оорулар катталган жок, бир гана паук кенеси учурунунда дарылап токтотулду.

Көпчүлүк дыйкандар чыгымдарын жаппай калабыз деп кооптонуп жатышат. Айрымдары айдоо аянттарын жүгөрү же дарбыз менен алмаштырууга аргасыз болушкан. Мисалы, дыйкан Керимкулов Эльдияр 2 гектар дарбыстан 20 миң доллар киреше тапкан.

Эксперттер дыйкандарга кайра себүү боюнча нускамаларды иштеп чыгуу, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди алдын ала эскертүү, «Каинда-Кант» заводу менен төлөмдөрдү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөргө көмөктөшүү жана зыянкечтерди көзөмөлдөөнү күчөтүү сунушун беришти.