Өзгөн жана Аксы райондорунда түз себүү технологиясы боюнча талаа күнү өткөрүлдү
2025-жылдын 2–4-июнунда топуракты коргоо жана ресурстарды үнөмдөөчү дыйканчылык ыкмаларын жайылтуу максатында Өзгөн районунун Кароол айылынын тилкесинде жана Аксы районунун Кербен шаарындагы «Живпром» тилкесинде талаа күнү уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — түз себүү технологиясын жергиликтүү дыйкандар арасында жайылтуу жана анын талаа шартында колдонулушун көрсөтүү болду.
Проекттин командасы иш-чарага чейин даярдык иштерин жүргүзүп, белгиленген жерге көрсөтүүчү белгилерди орнотуп, үч демонстрациялык станцияны даярдады:
- Агротехнология жана түз себүүнүн артыкчылыктары – долбоордун агроном-кеңешчиси Атабай Тойчу уулу тарабынан сунушталды.
- Өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана оорулардан коргоо – долбоордун координатору Бакыт Тажыбаев түшүндүрмө берди.
- Экономикалык талдоо – агроном-кеңешчи Гулмайра Маманова салттуу жана түз себүү ыкмаларынын айырмасын жана алардын чыгым-киреше жагын салыштырып берди
Иш-чарага жалпысынан 58 адам катышты, анын ичинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, РУАР директору, дыйкандар жана МТСтин трактор айдоочулары:
- Өзгөн районунан – 23 катышуучу (1 аял, 2 жаш өкүлү)
- Аксый районунан – 35 катышуучу (3 аял, 2 жаш өкүлү)
Катышуучулар каттоодон өтүп, маалыматтык материалдар менен камсыз болушту. Иш-чара долбоордун координаторунун куттуктоо сөзү менен ачылып, анда долбоордун максаттары жана күтүлгөн жыйынтыктары жөнүндө кыскача маалымат берилди. Андан соң катышуучулар станциялар боюнча кезеги менен өтүп, көрсөтүүлөр менен таанышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында дыйкандар өз суроолорун берип, кызыгууларын билдиришти. Бул талаа күнү кургак жерлерде дан эгиндерин өндүрүүнүн туруктуу моделин түзүүгө жана жаңы технологияларды жайылтууга маанилүү кадам болду.