Бишкек шаарында топуракты нөлдүк ыкма менен иштетүү технологиясын жайылтуу боюнча семинар ийгиликтүү өттү.
2025-жылдын 28-майында Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыйындар залында «Топуракты иштетүүнүн нөлдүк ыкма технологиясын жайылтуу» боюнча семинар ийгиликтүү өттү. Семинардын максаты – топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту күчөтүү жана өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштуруп, ага төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү катышты: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы делегациясы, Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC), Германиянын элчилиги, KfW, FCDO, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), Дүйнөлүк банк (ВБ), Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), FAO, Кыргыз Республикасынын Ун чыгаруу ишканаларынын ассоциациясы, СКС жана МКА, банктар, GIZ ILUCA жана GIZ GESPSD долбоорлору.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү Уран Чекирбаев алып барды.
Иш-чаранын программасына төмөнкү темалар кирди:
-
Министрлик жана донордук уюмдардын өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү;
-
Министрлик тарабынан сугатсыз айдоо, дан эгиндери жана топурак саясаты боюнча презентация;
-
«Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун Айыл чарба өндүрүшү жана окутуу боюнча адиси Торстен Свобода тарабынан (No-till) нөлдүк ыкма технологиясы тууралуу презентация;
-
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан климаттык профилдер, No-till технологиясы жана камсыздандыруу схемалары тууралуу баяндама;
-
Кыргызстандын дан өндүрүүчүлөрү менен ун чыгаруу ишканаларынын кызматташтыгы боюнча талкуу (Руслан Рыскулов – Кыргыз Республикасынын Ун чыгаруу ишканаларынын ассоциациясынын аткаруучу директору);
-
Топуракты нөлдүк иштетүү технологиясын жайылтуунун келечеги боюнча талкуу.
Семинар катышуучуларга тажрыйба алмашуу жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен аракеттерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.