Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2025-жылдын 19-февралында “Жар-Башы” айыл чарба кооперативинин дыйкандары менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга элиталык картошканын үрөнүн өстүрүү боюнча бизнес-модель тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле “супер-суперэлита” категориясындагы картошка сортун өстүрүүгө даяр тажрыйбалуу дыйкандар тандалып алынды.

Жыйынтыгында үч дыйкан 3000 кг, дагы эки дыйкан 2500 кг өстүрүүгө даяр экенин билдиришти. Бул долбоордун масштабын кеңейтүү жана жергиликтүү үрөнчүлүктүн потенциалын бекемдөө жолунда маанилүү кадам болду.

“Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоорунун алкагында ар бир сорттун колдонулушунун натыйжалуулугун жана мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн өсүү көрсөткүчтөрүн мониторинг кылуу жана талдоо пландалган.