Кыргызстанда азык-түлүк сапатын камсыздоо үчүн лабораториялык аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатылды
Кыргыз Республикасында лабораториялардын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулатылды
Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоору Кыргыз Республикасындагы лабораториялардын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча билим берүү тренингдерин ийгиликтүү аяктады.
2024-жылдын 18-29-ноябрында өткөрүлгөн практикалык тренингдер азык-түлүккө ветеринардык дары-дармектердин калдыктарын, май кислоталарынын транс-изомерлерин жана суудан симазинди аныктоо сыяктуу 6 изилдөө ыкмасын камтыды.
Тренингдердин өткөрүлгөн жери:
- Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору (Рыскулов көч., 33)
- Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти (Фрунзе көч., 535)
Бардык катышуучуларга активдүү катышуусу жана кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Долбоор заманбап азык-түлүк изилдөө ыкмаларын киргизүү жана алардын сапатын жогорулатууга багытталган иш-чараларды улантат.