Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоорунун негизги кызыкдар тараптары менен мамлекеттик лабораторияларга техникалык жардам көрсөтүү боюнча консультативдик жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда долбоордун алкагында 2024-жылдагы биргелешкен иштердин жыйынтыгы каралып, мамлекеттик лабораториялардын аккредитация чөйрөсүн кеңейтүү боюнча кошумча иш-чаралар талкууланды. Аккредитация лабораториялык изилдөөлөрдүн так жана кайталануучу сыноо жыйынтыктарын камсыз кылып, алар дүйнө жүзү боюнча тааныларын тастыктайт. Тамак-аш азыктарын сыноонун жаңы ыкмаларын өздөштүрүү, “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоорунун колдоосу менен, айыл чарба жана тамак-аш продукциясынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана Европа Биримдигинин аймагында жүгүртүлүшүн жеңилдетет.

“Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоору мамлекеттик лабораториялардын долбоор максаттарына жетишүүдөгү салымын жогору баалап, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик лабораторияларынын потенциалын жогорулатуу боюнча ишке катышкан бардык кызыкдар тараптарга ыраазычылык билдирет.